Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ.docx
Скачиваний:
1
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
210.74 Кб
Скачать

Эл аралык сыйлыктар

  • 1883-ж. орус императору Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, падышанын атынан алтын чынжырлуу саат, 1-даражадагы 5 ардак чепкен, Түркстандагы эл башчыларынын ичинен эң биринчилерден 4-даражадагы Георгиев орденин, Станислав жана Анна тасмалары тагылган эң чоң алтын медалды, Кокон хандыгын багындыруу урматына арналган медаль менен Кызыл крест уюмунун ардак белгисин алган; 1904-ж. Мекеге ажылыкка баратып, Стамбул шаарында курулуп жаткан темир жолго кыргыз элинин атынан 2000 сом бергендиги үчүн Түрк султанынан алтын медаль менен Ардак грамота алган алгачкы кыргыз Шабдан баатыр болгон.

  • “Улук методист” наамын 1-болуп 1927-ж. мугалимдердин усулдук 1-кеңешмесинде Ибраим Алымбеков алган. Ал Кетментөбө өрөөнүндөгү 1-мугалим.

  • Кыргыздардан “Этрурия” (Италия, 1980) сыйлыгынын, эл аралык Жавахарлал Неру атындагы (1985) ж.б. сыйлыктардын алгачкы ээси болгон – Чыңгыз Айтматов.

  • Г.Х.Андерсен атындагы эл аралык адабий сыйлыкты кыргыз жазуучуларынын гана эмес, Орто Азия жана Казакстан республикаларынын жазуучуларынын ичинен 1-болуп “Мүйүздүү козу” деген чыгармасы үчүн 1976-ж. Ш. Бейшеналиев алган.

  • Дүйнөлүк өнөр жарышында лауреаттыкка алгачкы болуп арзыган кыргыз ырчысы – Асек Жумабаев. Ал 1955-ж. Будапештте өткөн жаштардын дүйнөлүк фестивалында лауреаттыкты жеңип алган.

  • Кыргыздардан 1-болуп 1991-ж. ноябрда КР Президенти А.Акаев Латын Америкасынын биримдиги үчүн Ассоциациясынын Гранд Кросс (Чоң Крест) эркиндик жана биримдик үчүн ордени менен сыйланган.

  • Дүйнөдөгү аялзатынын арасынан ЮНЕСКОнун макулдугу менен алгачкы жолу Майрам Акаевага ЮНИТУ сыйлыгы ыйгарылган. Бул дүйнөдөгү абройлуу эл аралык сыйлык М.Акаевага дени сак эне, дени сак бала, дени сак улут маселесин көтөрүп чыккан эмгектери үчүн берилген.

  • Физули атындагы эл аралык адабий сыйлыкты 1999-ж., Грузиянын Важа-Пшавела атындагы жогорку адабий сыйлыгын 2002-ж. кыргыз жазуучуларынан 1-болуп акын Надырбек Алымбеков алган.

  • Орусиянын Улуттук прикладдык илимдер академиясы жана Биографиялык институтунун “Белгилүү мамлекеттик ишмер жана миң жылдыктын илимпозу” деген наамын жана академиянын Алтын төш белгисин алган 1-кыргыз А.Акаев (2000, сентябрь).

  • ВИЧ/СПИД жугуштуу оорусун алдын алуу боюнча иш жүргүзгөн көрүнүктүү ишмерлерге берилүүчү БУУнун Жонатан Мэн атындагы жогорку сыйлыгы Борбор Азия регионунан 1-болуп, 2000-ж. Накен Касиевге ыйгарылган.

  • Штаб-квартирасы АКШнын Каролина штатында болгон Америка Биографиялык институтунун эл аралык изилдөөлөр кеңеши ыйгаруучу “Жыл адамы” деген Ардак наам аз эле адамга берилген. Ага биздин жердештерден татыктуу болгон илимпоздор К.Сулайманкулов (1999), Ү.Асанов (2001), Э.Мамбетакунов (2002).

  • Эл аралык коомдук «Улуу Петр» сыйлыгын (Россия) кыргыздардан 1-болуп А.Акаев алган (2003).

  • АКШнын бириккен конвентинин эларалык тынчтык сыйлыгын кыргыздардан 1-болуп илим доктору, социолог Кусейин Исаев алган (2004).

  • Кыргызстандан 1-болуп Франциянын «Напалеон» сыйлыгын «Бектур» корпорациясынын президенти Тынчтык Конушбаев алган (2004).

  • КР тарыхында биринчи жолу 1999-ж. ишкерлер арасында мелдеш өткөрүлүп, “Жылдын мыкты бизнесмени” наамын “Акун” фирмасынын президенти, акын Чыныбай Турсунбеков жеңип, Президенттин баш байгеси ВАЗ-99ду алган.

  • Журналисттерден Кыргызстандан 1-болуп шоумен, продюсер Ассоль Молдокматова 2005-ж. Эларалык парламенттин ассамблеясы жана Эларалык «Мир» телерадиокомпаниясынын биргелешкен чечими менен Москвадан «Древо дружбы» алтын медалына татыктуу болгон. Ошол эле жылы Калифорниядагы «FҮdof» фестивалын уюштуруучуларынын бүткүл дүйнөлүк федерациясы «Мисс экстравагентность» титулун ыйгарган.

  • Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында 6 – 28 жаштагылардын арасында «Аалам Канзаадасы жана Канышасы – 2004» деп аталган эларалык конкурста 16 мамлекеттен келген 40 адамдын ичинен эң башкы орун – Аалам Канзадасы титулун 12 жаштагы кыргыз мырзасы Кубат Салымбеков, ал эми үчүнчү орунду – «Экинчи Канышаны» 11 жашар кыргыз кызы Толгонай Байзакова жеңип алган.

Соседние файлы в предмете [НЕСОРТИРОВАННОЕ]