Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ.docx
Скачиваний:
4
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
211 Кб
Скачать
☆

Биология

  • Кыргыздардан биология илими боюнча тунгуч окумуштуу наамын алган – Жамил Чолпонкулов. Ал 1939-ж. 33 жашында Ленинградда биология илиминин кандидаты наамын коргогон. Улуу Ата мекендик согушта каза болгон. ”Кыргыздын 2-Чолпонбайы” аталган. Таластык болгон.

  • Биология илимдеринин доктору Эркинбек Матиев: кыргыздардан 1-болуп Москвадагы Патрис Лумумбу атындагы университетте лекция окуган, Кыргызстан эгемен болгондон кийин ата-мекендик дары-дармек жасоо өнөр жайына негиз салган, хронобиология боюнча европалык жана эл аралык илимий коомдун анык мүчөсү болгон.

Айыл чарба

  • Айыл чарба боюнча кыргыздардан чыккан 1-илим кандидаты жана доктору Аман Мамытов.

  • Селитранын бардык жактан (тамак-ашка, ден соолукка, экологияга) зыяндуу экендигин 1-жолу 1958-ж. химик К.Сулайманкулов далилдеген.

  • Кыргызстанда 1-болуп кант кызылчасы боюнча докторлук диссертация жактаган – Жамин Акималиев.

Ветеринария

  • Ветеринария илимдеринин доктору болгон 1-кыргыз – Абдулхай Алдашев.

Экономика

  • Экономика боюнча кандидаттык диссертация жактаган (40-жылдары) 1-илимпоз – КР эл мугалими, илим доктору, профессор Муса Рыскулович Рыскулбеков.

  • Бухгалтердик эсеп боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин, сөздүктөрдү (“Бухгалтердик эсеп”, “Бухгалтердик эсеп боюнча кыскача сөздүк” ж.б.) жазган Чалова Калича Жоочалыш кызы, салык теориясы боюнча Матиев Нурланбек Сагыналиевич, ревизордук жана контролдук текшерүү боюнча Асанбеков Турат, соттук экономикалык экспертиза боюнча Жансеитов Кубанычбек Асанович да кыргызча эмгектерди биринчилерден болуп жазышкан.

Химия

  • Кыргыз химиктеринен 1967-ж. 1-илим доктору болгон – Какин Сулайманкулов.

  • 1961-ж. илимпоз Качкынбай Үсөнбаев Москва окумуштуулары менен бирге көмүртектин карбин деп аталуучу модификациясын синтездеп тапкан. Ал азыр техникада кеңири колдонулууда.

  • Учкун разрядын пайдаланып химиялык синтездин жаңы методун негиздеген – академик Үсөн Асанов.

Зоология

  • Алгачкы кыргыз натуралисти, саякатчысы, коллекционери, жол көрсөткүчү (гид), препаратору, таксидермиячы (жаныбарлардын кебин жасоочу) Садырбек Абдыбеков (1871 - 1950) болгон. Ал фауна (жаны-жаныбарлардан, көбүнчө канаттуулар менен курт-кумурскалардан) боюнча 1543 коллекция чогулткан. Коллекцияларын чет өлкөлөрдүн музейлерине (Москва, Петроград, Томск, Лондон, Гамбург, Дрезден шаарларындагы) жөнөтүп да турган.

Техника тармактары

  • Техника илимдеринин доктору, профессор, академик Чалов Павел Иванович менен физика-математика илимдеринин доктору Чердынцев Виктор Викторовичтин “Уран-243 менен Уран-238дин табигый бөлүнүү кубулушу” деп аталган илимий ачылышы 1975-ж. 24-июлда каттоодон өтүп, ядролук геофизика илиминдеги ири жетишкендиктердин бири болгон. Бул илимий ачылыштын негизинде жердин тарыхынын бүт мезгилин камтыган, физикалык башка методдордун күчү жетпеген, геологиялык мезгилди өлчөөнүн жаңы методу иштелип чыккан. Жер алдындагы суулардын пайда болуу, айлануу процесстерин моделдештирүүдө П.И.Чаловдун “Табигый урандын изотоптук фракцияланышы” деген илимий эмгегинин негизинде жер титирөөлөрдү алдын ала божомолдоп билүүнүн жаңы ыкмасы табылган.

  • Техника илимдеринин доктору, профессор, академик Илгиз Төрөкулович Айтматов менен техника илимдеринин доктору, профессор Кушбагалы Тажибаевдин “Тоо тектеринин өзгөрмө белгиси бар бузулуш кубулушу” деген илимий эмгеги (2000) жер жөнүндөгү дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошту. Бул эмгек тоолордогу тектоникалык соккулар менен жер титирөөнүн себептерин, механизмдерин айкын ачык көрсөттү. Анын негизинде жер титирөөлөрдү алдын ала аныктоого, кырсыктан сактануу чараларын көрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

  • Кыргызстанда хрусталды 1-чыгарган ишкер, илим кандидаты, айнек заводунун мурдагы директору Жолдош Курманбаев.

  • Карапа синтез материалдарын алуу методикасы жана фарфор технологиясы боюнча тунгуч илимпоз, техника илимдеринин доктору – Сагын Жекишова.

  • Автоматтык башкаруунун ар кандай темпте иштөөчү көп өлчөмдүү татаал системаларынын теориясынын негиздерин түзүү боюнча изилдөө иштерин Кыргызстанда эле эмес, СССРде биринчилерден болуп техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Жаныбек Шаршеналиев жүргүзгөн. Анын иштеп чыккан методдору космостук аппараттардын атайын приборлорун башкарууда пайдаланылууда.

Соседние файлы в предмете [НЕСОРТИРОВАННОЕ]