Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ.docx
Скачиваний:
4
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
211 Кб
Скачать
☆

Ысыккөлдөгү алгачкы кемелер

  • 1871­ж. Жети­Суу облусунун аскер губернатору Г.А. Колпаковскийдин буйругу менен суу астында археологиялык иштерди жүргүзүүгө арналган алгачкы жел кеме курулган. Орус натуралист­илимпозу А.П. Федченко да калактуу катер жасаткан. Бирок, булар тез эле кырсыкка кабылып, чөгүп кеткен.

  • Уйгур көпөсү Атабаев жүк көтөрүмдүүлүгү 8 миң пуд болгон жыгач кеме жасатып, ал 1907­ж. Ысыккөлдө сүзө баштаган. 1910­жылдарда көпөс Сулайманов жүк көтөрүмдүүлүгү 12 пудга жеткен жел кеме жасаткан. 1916­ж. мындай 7 жыгач жел кемеси болгон. Алардын эң чоңу 30 миң пудга чейин жүк көтөрүп, үч мачталуу болуптур.

  • Тамгалык Федор Андреевич Никифоровдун “флотилиясы”, 1909­ж. Уралдан келип Барскоонго токтогон бир тууган Решетниковдордун “Платон” жана “Афанасий” деп аталган жүк ташуучу үч кемеси бар экен.

  • Бир өңчөй палубасы жана капитан каютасы бар кемени Бараканов деген бай 1911­ж. жасаткан. Ошол учурда инженер­кеме куруучу Мазуренко үч мачталуу жыгач шхуна курган. Ысыккөлдөгү 1­кеме мастери - Семён Андреевич Коростылёв. Ал А.С. Щетинин, Л.Ф.Рабочих деген демилгечилер менен бирге 2 мачталуу, 5 миң пуд жүк көтөрүүчү “Коммунар” шхунасын, 15 ат күчүнө барабар мотордуу “Красный Восток” жел кемесин жана “Азов” балыкчылык ботун, “Юный коммунар” жел баркасын иштеткен. Биринчи матростор - Ш. Шамурканов, И. Чымырканов, А. Решетников. Ал эми Шершеби жана Жамболот деген кыргыз моряктар чакан баркастарды башкарышкан.

  • 1926­ж. “Прогресс Кыргызстана” жаңы теплоходу сууга түшүрүлгөн (капитаны Д.В. Колесников). Алгачкы жүк жана жүргүнчү ташуучу теплоход “Пионер” деп аталып 16 моряк иштеген (капитаны Т.И. Черный). Анда 1­класстагы 16 жүргүнчү оруну жана 2­класстагы 24 каютасы болгон. 1931­ж. инженер В.Д.Кебиндин долбоору боюнча Каракол пристанында 1­темир кеме жасалган. Ал “Советская Киргизия” деп аталып, 420 т жүк көтөрүмдүүлүктө болгон, саатына 18 км ылдамдыкта жүргөн.

  • 30­жылдары “Киров”, “Пятилетка”, “Комсомол”, “Обо” кемелери, согуштан кийин “Манас” танкер­теплоходу, “Османь” нефть биржасы, “Пржевальский” жүк теплоходу, “Иртыш”, “Лена” баржалары, тез жүрүүчү “Чайка” жүргүнчүлөр теплоходу, “Альбатрос” жүргүнчүлөр теплоходу, 1965­ж. 600 ат күчүнө барабар эки буксирлүү теплоход, 1966­ж. буксир сүйрөгүч, 1968­ж. нефть тартуучу “Генераль Панфилов” кемеси, 1981­ж. 750 ат күчүнө барабар “Ысык­Көл” теплоходу курулган. Буларды журналист Мундузбек Тентимишов кеңири изилдеген.

Авиация

  • 1918-ж. апрелде кыргыз учкучтар полку түзүлгөн.

  • Кыргыз аба мейкиндигинде эң биринчи самолет 1919-ж. учкан.

  • Бишкекке биринчи аэроплан 1922-ж. 20-августта келген.

  • 1924­ж. 4­майда Ташкен-Алматы рейсиндеги 1­самолет Бишкекке келип конгон.

  • 1928-ж. 19-январда Фрунзе-Алматы авиа каттамы, 1933-ж. 17-апрелде Бишкек-Каракол аба почта байланышы ачылган.

  • Кыргызстандагы алгачкы ички аба жолу 1933-ж. 7-ноябрда ачылып, Бишкек – Балыкчы – Каракол маршруту боюнча күн сайын эки У – 2 самолету учуп турган. 1934-ж. Балыкчы – Нарын - Өзгөн – Ош, 1935-ж. Бишкек – Ош маршруттары ачылган.

  • Алгачкы аэродром 1933-ж. Тынчтык проспектисинде курулган.

  • Кыргызстанда айыл чарба авиациясы 1933-ж. башталган.

  • Кыргыздан чыккан алгачкы учкуч – Ишенбай Абдыраимов. Ал 1934-ж. 29-сентябрда үч орундуу санитардык самолет менен биринчи жолу учкан. Ардактуу авиатор И.Абдыраимов кыргыздын эле биринчи учкучу эмес, “СССРдин эмгек сиңирген учкучу” деген ардак наамды биринчи болуп алган СССРдин № 1 учкучу дагы. Ал СССРде жашаган 120 улуттун ичинен 1-болуп бул наамга татыган кыргыз уулу. 41 жыл учуу майданында иштеп (катардагы учкучтан жарандык авиациянын Кыргызстандагы башкармасынын жетекчилигине чейин), жеке өзү самолёттоун 16 тибин өздөштүргөн жана 17000 саат асманда учкан. Орто Азиядагы бирден бир учкучтар окуу жайын Бишкекте уюштурууга жетишкен да И.Абдыраимов болгон.

  • Кыргыз кыздарынан чыккан 1-учкуч – Мусаева Жумагүл. Ал 1940 – 41-ж. Бишкек аэроклубунда окуп, самолёт менен асманга көтөрүлгөн 1-кыргыз кызы болгон. Ал У- 2 самолёту менен 147 жолу өз алдынча учкан жана самолёттон парашют менен 312 жолу секирген. Ал география боюнча алгачкы илим кандидаты, кыргыз кыз-келиндер институтунун 1-ректору дагы.

  • 1957-ж. 16-январда Фрунзе аэровокзалы (азыркы Аэрофлот агенттиги) ишке берилген.

  • “Манас” аэропорту 1974-ж. 23-октябрда пайдаланууга берилген. Эң биринчи жүргүнчүсү катары Ил-62 самолету менен Косыгин келип конгон.

  • Кыргызстанда учуу коопсуздугунун коргоо кызматын баштоочу – Гришинцев Геннадий Дмитриевич.

  • А 320 маркасындагы 146 орундуу аэробус КМШ өлкөлөрүнөн 1-болуп 1998-ж. 4-июлда Франкфурт – Бишкек багыты менен Манас аэропортуна келип конгон. Аны “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиакомпаниясына “Дебис Эффинанс” компаниясы толук ижаралык негизде берген. Бул дөөтүнү Ч. Айтматов коштоп келген.

  • “Манас” – “Шереметово” авиакаттамы расмий түрдө 1-жолу 1999-жылдын 1-апрелинде ишке ашырылган. Ошентип, республиканын “Кыргызстан аба жолдору” чет өлкөлөр менен байланышууда транзиттик каттамга жетишкен. Бул алгачкы каттамда барган делегацияны “Кыргызстан аба жолдорунун” коммерциялык директору Эрик Арсалиев жетектеп барган.

Соседние файлы в предмете [НЕСОРТИРОВАННОЕ]