Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ.docx
Скачиваний:
4
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
210.74 Кб
Скачать

Геология – минералогия

  • Тунгуч кыргыз геологу - Абдулла Миңжылкыев. Ал эми академик Адышев Муса Мырзапаязовия (1915-80) Тянь-Шанда байыркы доордо пайда болгон чөкмө тоо тектердин геологиясын, геохимиясын жана кен байлыктарын изилдеп, кыргыздардан 1-болуп 1969-ж. геология-минералогия илимдеринин доктору болгон.

  • Кыргызстандын минерал байлыктарынан мурда медицинада пайдаланылбаган дарыларды жана косметикалык каражаттарды алууга алгачкы патент алган – геология-минералогия илимдеринин кандидаты Иманкулов Белек.

  • Кыргызстандагы ондогон кендердин ачылышына чоң салым кошкон, “Кенди биринчи изилдегич” деген төш белгинин ээси – профессор Кубат Осмонбетов. Анын катышуусу жана жетекчилиги менен Кумтөр, Макмал, Талдыбулак – Сол Жээк, Жерүй, Агулак, Каракече, Акөлөң, Тегенек, Барбулак, Тууракабак, Кайыңды, Кыртабылгы ж.б. алтын, сурьма кендери ачылган.

  • Кыргыз кыздарынан алгачкы инженер-геолог – Ибраева Күлүйпа. Ал 1957-ж. Фрунзе политехника институтунун тоо-геологиялык факультетин бүткөн. 1966-ж. Кумтөрдө алтын бар экенин байкайт. 1978-ж. Кумтөрдө алтын бар экенин дагы бир ирет далилдесе да эч ким ишенбейт. Акыры Читадан электрондук микроскоптун жардамы менен Кумтөрдө алтын, ал түгүл вольфрамит да бар экендигин аныктаган. Ошентип, Кумтөр кенин карапайым эле кыргыз кызы ачкан.

Топурак таануу

  • Кыргыздын 1-топурак таануучусу, айыл чарба илимдеринин 1-кандидаты жана доктору, топурак таануу адистиги боюнча 1-профессор, Кыргызстанда тоо топурагынын генетикасы илиминин негиздөөчүсү – академик Аман Мамытов (1927 - 99).

Филология

  • Филология илимдеринин кандидаты даражасын алган 1-кыргыз, илимпоз-адабиятчы –Тазабек Саманчин (1909 - 79). 1946­ж. Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө кандидаттык диссертация жактаган. Ал Токтогулду кеңири изилдеп, эмгектерин академиялык жыйнак кылып чыгарган 1­окумуштуу. Алгачкы котормочулардан да (Л.Толстой, В.Белинский, А.Чехов, М.Горький, И.Крылов, Р. Тагорду 1­которгон).

Кыргыз тили

  • Кыргыз тилин изилдөөдө салыштырма-тарыхый усулду 1-жолу кеңири колдонгон окумуштуу - Б.М.Юнусалиев. Ал кыргыз тилинин алтай, тува, хакас тилдери менен окшоштугун да 1-болуп далилдеген.

  • Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча алгачкы китепти кыргыздын 1-кызыл профессору, акын, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов (1901 - 37) жазган.

  • Кыргыз фразеологиясын биринчи изилдеген окумуштуу – Шүкүров Жапар.

  • Улуттук тунгуч лексикограф жана лексиколог, котормочу, Москвадагы Ломоносов атындагы эл аралык университетте окуп жүрүп, кыргыз тилинен сабак берген (1929 - 31) алгачкы кыргыз, кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгө катышкан, Кыргызстанда сөздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири – Кусейин Карасаев.

  • Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча тунгуч илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор Ыбрай Жакыпов.

  • Кыргыз тил илиминде “Байланыштуу речь” темасы боюнча атайын китеп жазган алгачкы окумуштуу – филология илимдеринин кандидаты Самак Давлетов.

  • Кыргыз тилинде кеп маданияты маселелерине чыйыр салгандардын бири – Сыртбай Мусаев. Анын “Текст: прагматика, структура” (2000) аттуу эмгеги кыргыз тил илиминде теориялык аспектиде биринчи жаралган олуттуу эмгек.

  • Кыргыз тилин башка улут өкүлдөрүнө окутуу усулу боюнча алгачкы илимий диссертацияны “Орус мектебинде кыргыз тилин окутууда окуучулардын диологдук кебин өстүрүү” (Ү-ҮV кл.) деген темада 1995-ж. Сулайман Рыспаев коргогон.

Соседние файлы в предмете [НЕСОРТИРОВАННОЕ]