Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
КЫРГЫЗДЫН ГИННЕСС КИТЕБИ.docx
Скачиваний:
4
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
211 Кб
Скачать
☆

Медицина

  • Кыргыз аялзатынан 1-аскердик хирург, кыз-келиндеринен 1-жолу капитан аскердик наамын алган – Рана Айдарбекова. Согуш мезгилинде 800 операция жасаптыр.

  • Кыргыз кыздарынын ичинен 1-лерден болуп мединститутту бүтүп, аялдардан чыккан алгачкы хирург – медицина илимдеринин доктору, профессор Какиш Рыскулова.

  • Мирсаид Миррахимов – медицина илими жаатында Орто Азиядан 1-болуп Социалисттик Эмгек Баатыры болгон. Ал кардиологияга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШдан 1-болуп эл аралык алтын медаль алган.

  • Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Сибирдин табигый, биоактивдүү заттарынын негизинде алынган бир топ бальзамдардын автору – академик Арстанбек Алыбаевич Алтымышев (1930-2000). Анын “Арашан” бальзамы дарылык жана даамдуулук касиеттери үчүн Лейпцигдеги “ЭКСПО-72де” Чоң алтын медалга татыган. Ал космонавттарды даярдоо жана учуудан кийин калыбына келтирүүдө эң зарыл болгон заттардын бир нечесин да тапкан. Бул заттар Дүйнөлүк фармакалогияга киргизилип, аны космонавттар эле эмес, спортчулар, антарктикалык экспедицияларга катышуучулар, альпинисттер, “Эверест” чокусун багынткандар да колдонушкан, өпкө, жүрөк, муун ооруларын дарылоодо жана алдын алууда да кеңири пайдаланышат. Ал табигый активдүү бирикмелердин биофармакологиясынын урунттуу багыттарын негиздеген, улуттук фармакалогияны өнүктүргөн, космонавтиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу.

  • Кыргыз илим изилдөө онкология жана радиология институтунун 1-директору, медицина илимдеринин доктору, профессор А.И.Саенко. Ал республикада онкология кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө негиз салган.

  • Медицина илимдеринин доктору, хирург, профессор Хаким Сулейманович Бебезов 1973-жылдан бери 12 түрдөгү ооруга республикада алгачкылардан болуп операция жасаган. Алсак, 1973-ж. Кыргызстанда 1-жолу кара ичегинин башталгыч пластикасына гастроэктомия, 1975-ж. боордун өтүшкөн циррозуна күчөп кан агуу учурунда портоквалдуу анастомоз (мындай операция буга чейин Японияда гана жасалган) ж.б. Ал 1973-ж. ашказан жана кызыл өңгөчтөгү жарага операция жасоонун өзгөчө ыкмасын сунуш кылып, аны 1998-ж. КМШда 1-жолу микрохирургдардын бригадасы менен бирдикте аткарган.

  • Омуртка дарттарын микрохирургиялык жол менен дарылоону Борбордук Азия боюнча 1-жолу профессор Сабырбек Жумабеков ойлоп тапкан. Ал 36 жашында (2000-ж.) медицина илимине 18 жаңылык киргизген. Медицинада сейрек кездешүүчү тизе муундарынын оор патологиясы (эки тизеси тең тескерисинен бүгүлгөн тубаса майып) менен жабыркаган 17 жашар Байызов Теңизбекке (Казарман айылынын тургуну) 2005-жылдын башында дүйнөлүк практикада сейрек кездешүүчү операция жасаган.

  • Кыргыздын тунгуч сексопатологу, Кыргызстандын эле эмес Борбордук Азиядагы улуттук медиктердин ичинен чыккан эң алгачкы сексопатолог – Күлчоро Аскаров. Ал кыргыздардан 1-болуп ушул илимди баштап, 1-болуп ушул темада “Эки жүрөк, бир сүйүү” (1997) аттуу китеп жазган.

  • Аракечтерди, баңгилерди өз алдынча ыкма менен дарылоочу 1-борборду алгачкы жолу 1991-ж. 9-декабрда Назаралиев Жеңишбек Болсунбекович ачкан. Ал борбор “Доктор Назаралиевдин медициналык борбору” деп аталып, бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү.

  • Биохимия боюнча кыргыз улутунан чыккан 1-доктор Чотоев Жакен Айтиевич (1932-2004).

  • Элдик экстрасенстик ыкманы айкалыштыруу менен оорулуу тишти анестезиясыз сууруп алуу боюнча психосенсордук ыкманы 1-иштеп чыккан жана 1988-жылдан баштап практикага киргизген дарыгер – Нуралы Базарбаев.

  • Хирург, профессор Рахатбек Оморов боорго рентген жасоо; боорду тешип, Прадери боюнча дренаж колдонуу; өт өткөөлдөрүндө таш калбаш үчүн фиброхоледоскопия; өт боюнча гепатикоеюноанастомоздун түтүк; боордогу прицти сордуруу; операция убагында боордун жана өттүн өткөөлдөрүн көрүү; кызыл өңгөч оорусунда аны химиялык зат менен күйгүзүп, анын ордуна жоон ичегиден, ичегиден кесип алып жамоо; уйку безинин рагында уйку безинин теңин алып таштоо сыяктуу татаал операцияларды жасоону Кыргызстанга 1-болуп киргизген.

Соседние файлы в предмете [НЕСОРТИРОВАННОЕ]