- •Кыргыздын гиннесс китеби
- •Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 б. Китебинен алынды
- •Алгы сөз
- •Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат
- •Облустар боюнча маалыматтар
- •Кыргыз жазуусу
- •Алгачкы кыргыз башкаруучулары, тарыхый инсандар
- •Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин, Жогорку Кеңештин төрагалары
- •Алгачкы саясий ишмерлер
- •Кыргыз элчиликтери
- •Кыргыз жергеси
- •Табышмактуу жерлер
- •Чыдамкай, өжөр жана өзгөчө
- •Эң байыркы
- •Эң узун
- •Эң узак
- •Эң кичине, аз, кыска
- •Эң кеч, акыркы
- •Эң бийик, терең, чуңкур, калың, күчтүү, күлүк, сейрек, кызык
- •Эл каттоо
- •Статистика
- •Бишкек шаары
- •Майрамдар, салтанаттар
- •Сьезддер, курултайлар
- •Жаңы жылдык балаты
- •Китепкана
- •Саламаттык сактоо
- •Билим берүү
- •Атайын орто жана жогорку билим берүү
- •Окуу китептери
- •Илимий мекемелер
- •Тунгуч илимпоз-окумуштуулар
- •Чет өлкөлүк академияларга Кыргызстандан мүчө болгон алгачкы окумуштуулар
- •Физика-математика
- •Медицина
- •Биология
- •Айыл чарба
- •Ветеринария
- •Экономика
- •Зоология
- •Техника тармактары
- •Геология – минералогия
- •Топурак таануу
- •Филология
- •Кыргыз тили
- •Чет тилдери
- •Журналистика
- •Стенография
- •Саясат таануу
- •Социология
- •Этнография
- •Педагогика
- •Манас таануу
- •Адабият
- •Журналистика
- •Мезгилдүү басма сөз
- •Басма-полиграфия жана китеп чыгаруу
- •Радиоуктуруу, телекөрсөтүү
- •Айыл чарба
- •Байланыш
- •Архитектура, курулуш
- •Транспорт
- •Ысыккөлдөгү алгачкы кемелер
- •Авиация
- •Космонавтика
- •Милиция
- •Улуу согуш, репрессия, Афганстан
- •Олимпиялык оюндар
- •Ордо. Кыргыз улуттук ордо оюнунун эрежелерин баяндап жазган 1-китептин автору – Осмон Команов.
- •Футбол. 1921-ж. 12-мартта Пишпекте республикалар аралык футболдук алгачкы беттешүү (Пишпек - Верный) өткөн.
- •Мылтык атуу. Кыргыз спортунун тарыхында мылтык атуу спорту боюнча 1-жолу алтын медалды Алымбек Садабаев 1957-ж. Украинада өткөн эл аралык мелдеште жеңип алган. Азыр Орто-Сай айылында жашайт.
- •Ат спорту. Кыргыздагы 1-саяпкер – Толубай сынчы.
- •Кикбоксинг. Кикбоксёрлордон эң биринчи дүйнөлүк чемпион наамын 1995-ж. Шабан Шадманов жеңип алган.
- •Жеңил атлетика. 100 – 400 – 1500 м аралыкка чуркоо боюнча 1-жолу 1921-ж. Эркектер ортосунда мелдеш өткөрүлгөн.
- •Кыргызстандын сыйлыктары
- •Эл аралык сыйлыктар
- •Ардак наамдар
- •Автор жөнүндө кыскача маалымат
© Кадыров Ысмайыл, 2008. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
http://www.vk.com/sandyk_kit
Ысмайыл КАДЫРОВ
Кыргыздын гиннесс китеби
же рекорддор, эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор ж. б. тууралуу Жаныбек жыйнак
Ысмайыл Кадыров көп жылдардан бери кыргыз элинин өзүнүн Гиннес китебине кирчү рекорддорду жыйнап келатат. Айрымдары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандардын колдоосуна ээ болгон.
Кыргыз басма сөзүнүн тарыхында биринчи жолу жаралып жаткан бул жыйнак кыргыз элинин рухий маданиятына өз салымын деген ойдобуз.
Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. – б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 б. Китебинен алынды
УДК 030
ББК 92
К 13
ISBN 978-9967-14-059-2
К
Алгы сөз
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан дүйнөлүк Гиннесс китеби сыяктуу Кыргызстандын дагы рекорддор китебин (өзгөчө, эң чоң, эң көп, эң узун ж.б. жөнүндө) түзүү менен көп жылдардан бери алектенип келем. Ал үчүн энциклопедиялардан, китептерден, гезит-журналдардан маалыматтарды топтоп, окшошторун бири-бирине салыштырып, тыкыр изилдөө жүргүзүү менен туура деп эсептегендеримди иргеп алдым. Машак тергендей бир чымчымдан чогултуп, мүмкүн болушунча тактоого аракет жасадым. Тематикаларга бөлүштүрдүм. Кыргыз мамлекетинин тарыхына, илимине, маданиятына, экономикасына ж.б. өзгөчө салымы бар инсандардын жасаган иштерин келечек муун биле жүрсө деген тилек кылдым. Дың бузуу, алгачкы чыйыр, из салуу, биринчи кадам таштоо, тунгуч, абалкы болуу өтө оор, өзгөчө жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу дагы. Ошондуктан кыргыздар чыгаандарды көч башы, топ бузаар деп кадырлашса, малдын дагы лидерин эркеч, баштаак деп ыйык көрүшкөн. Ошондуктан бардык тармактар боюнча баштоочтор, карлыгачтар жөнүндө да кыскача маалыматтар камтылды.
Бул иш биринчи жолу жасалып жаткандыктан кемчиликтер болушу толук мүмкүн. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей авторго маалымат белгисиз болгондуктан китепке жазылбай калган, калпыс берилген жерлери, ошондой эле китептин жалпы түзүлүшү жөнүндө пикириңиздерди билдирип койсоңуздар, китептин андан аркы чыгарылыштары үчүн пайдасы гана тиет.
Бул китепчеде эч кандай саясий максат жок. Болгонун болгондой гана элге жеткирүү. Бул китепченин айрым материалдары бир катар республикалык басылмаларга мурда жарыяланган. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенем.
Автор
Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасы (КР) Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чегарасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чегара (1374 км). Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км. Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93 %и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте. Калкынын жалпы саны 5 млн. (2002, 27-август). Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Чүй, Ысыккөл, Нарын. Борбору - Бишкек ш. КРдеги эң ысык температура +440С - Чүй, эң суук температура 540С Аксай метеостанциясында катталган. Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, мында дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.
Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991жылдын 31августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын 1-Конституциясы 1993жылдын 5майында Кыргыз Республикасынын 12шайланган Жогорку Кеңешинин 12сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Гимни - 1992ж. 3декабрда кабыл алынып, 18декабрда КР Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Сөзүнүн авторлору - Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.
Кыргыз Республикасынын Желеги 1992жылдын 3мартында кабыл алынып, Өкмөт үйүнүн төбөсүнө 5мартта салтанаттуу көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Айдарбеков Эмил, Жайчыбеков Бекбосун, Иптаров Сабыр, Матаев Жусуп, Сыдыков Маматбек.
Кыргыз Республикасынын Герби 1994ж. 14январда кабыл алынган. Авторлору - Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили - кыргыз тили. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө мыйзам 1989ж. 23сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.
Кыргыз улуттук валютасы - сом 1993ж. 10майдан баштап республиканын аймагында жүгүртүүгө киргизилген. Сомго ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган. 2000жылдын 28августунан баштап Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.
