
92 Жашка чыккан.
Авангардист
Пабло Пикассонун
Кистисинен, кирпигинен,
Жүрөгүнөн, карегинен,
Не деген шык чалкып жаткан.
Атып чыккан,
Кандуу көз жаш...
Аны дале адамзаты,
Толук билип же түшүнүп андай элек.
Луврдагы Жокондадай,
Ал - жылмаюу,
Бул - чыңырык!
Сырлар каткан - «Герника».
Автор бул чыгарманын,
Үстүндө иштегенде.
(Кудай өзү авторлош кыл калемге).
Жинди болуп кете жаздап,
Леонардо да Винчидей,
Моно Лиза сулууну тартып бүтүп
Тарс этип түшкөн кулап,
Тарткан экен.
Кан менен
Жаш тамчылап кеткенинен,
Сыйкыр чебер кистисинен...
Герника - сен дүйнөсүң
Жер дүйнөдө не деген наадандыктар,
бар экенин чагылдырган.
Жана дагы заман, доорсун аңтарылган.
Кыргыз шырдак,
Түркмөн килем-кечелердин
Реалдуу ар жак бети сыяктанган.
«Герника»
Америкадан каитарылган оригиналы.
8 жаш сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп,
Үч аскердик учма менен кайтарылган.
Кайтарылган мекенине, - Мадридге.
Сен ырчысың таңшып турган Прадодон,
Музейге коюлган соң,
Бир сааттан кийин элге,
Кабарланган радиодон.
«Герника!»
Биздин көргөн
13 Жылдан берки,
Бейиш, тозоктор.
Ыза, кордук, азап-шор.
Өзүнчө бир
«Герника» болду окшойт.
Жардылык да, ачкалык,
Жалган баюу.
Убадакей кашкалык,
Нан жеймин деп,
Бармактай миң наристе,
Сүт оозунан кете элек.
Канаты бар периште,
Ыйлап жатса - Герника.
Же бир бейгам үй-бүлөдө,
Кокусунан.
Кызганычтан, булганычтан,
Жетишпестик, муктаждыктан,
Чатак чыкса - Герника.
Тукум улаар
Эки баштуу кудайлардын,
Аял-эркек жубайлардын,
Ыркы кетип ажырашса -
Герника!
Күнөөсүз бала-чака,
Тирүүлөй жетим калса - Герника!
Адамдардын бузулган жан-руху,
Абийир, пейили - Герника!
Талкаланган, тонолгон үй,
Чарбалар бүт - Герника!
Герника –
Кыйраган бүт зоот, ишкана, фабрика.
Ченемсиз муң көрдүк,
Шол-Герника!
Эбегейсиз азап тарттык,
Шол - Герника!
Коммунизмден кулап түшүп,
Кораблден ташкын, үйөр, сел алган.
Жакырчылык даамын таттык,
Шол - Герника!
II
Бүт дүйнө - Герника,
Шекспирлер чыкчу заман.
Мына эми,
Бул Жахан - Герника.
Бүт дүйнө - театр, муң
Мен анын оозунан кан эмес
Ырлар аккан жараатымын.
Ар бир - Күн,
Курчап турган нур менен
Кудай Үйүн
Зор жылдыздар арасында
Галактика эрасында,
Биздин Жер планета -
Границалар тикенектүү
Тор зым менен курчалган,
Түрмөкана,
Азапкана,
Жана тубоорукана.
Садагага чабылган он миллион кой-
Демократия –
Жылаңач, жылаңайлак,
Шымы жамаачы тентек бала,
Демократия.
Өлбөс Кощей
Халтура,
«Живучий».
Көпөс дале партократия,
Ботко коом.
Мен сенин жүлүнүңө, жүрөгүңө,
От коём!..
Аман калган айылдарда,
Балык жон, сокмо жолдор
Жаман кепе, ылай там, котур көчө,
Кулак төшөйт не болот деп,
Убайымдуу кепшейт, кепшейт
Акырда - салтузу жок
Сөңгөк кашек
Уй да, бука...
Огинскийдей
Акыркы ирет мекенге көз жибергендей,
Одур-будур, орой да, мае Родинам!
Ойлуу, муңдуу карап турам,
Муза - оор улутунткан куса.
Герника - Поэзия,
Сыбызгыган муң музыка.
Бүт дүйнө - «Герника». –
Чыңырат,
Айгыр ат! -
Адабият, искусство, маданият.
Академия жана жакыр итке минген
Интеллигенция.
Чиновник же көпөс,
Букалардын бүт алдына
Эмчегинен сүт чыкпаган,
Жаш эмчекте баласы бар,
Аял менен жиниккен
Камбар жылкы жыгылат.
Чыңырат
Айгыр ат.
Бул өзү