
- •Аннотация
- •Мазмуну
- •Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу
- •Интернет дүкөндүн жалпы схемасы
- •Интернет аудитория
- •Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү
- •Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары.
- •Колдонуулучу технологиялар
- •Долбоорлоо методун аныктоо
- •Программалоо тилин тандоо
- •Модель – көрүнүш – башкаруу
- •Фрэймворк
- •Жалпы түзүлүш
- •Проекттин файлдык архитектурасы
- •Берилиштер базасы
- •Коддук реализация
- •3.4.1 Кутуча, BinController.Php
- •Интернет-дүкөндүн колдонуу көрсөтмөлөрү
- •Интернет дүкөндү башкаруу
- •Административдик панель
- •Колдонуучулар үчүн интернет-дүкөн
- •4.3.1 Каттоо процесси.
- •4.3.2 Каталог
- •4.3.3 Заказ кылуу процесси
- •4.3.4 Онлайн көрүү функционалы
- •Колдонулган булактар
- •Глоссарий
Модель – көрүнүш – башкаруу
Модель-Көрүнүш-Башкаруу
(Model-View-Controller) - бир нече долборлоо
шаблондорун колдонуучу схема, ал үч
компонентке бөлүнөт жана бирисини
өзгөртулүшү башкаларга минималдуу
таасир берет.
Мындай концепцияны колдонуунун жакшы жагы болуп иштөө - логикасы көрүнүштөн ажыратылган.
MVC концепциясы берилиштерди, көрүнүштү жана колдонуучунун аракеттерин иштетүүсүн 3 башка копонентке болот:

2.1-сүрөт. MVC
Модель - берилиштер менен иштейт, запросторду камтыйт жана бул берилиштерди көрсөтө албайт
Көрүнүш - маалыматтарды көрсөтүүгө жоопту
Контроллер - система жана колдонуучуну байланыштырып турат, колдонуучу жиберген маалыматтардын баарын карайт жана модель менен көрүнүштү колдонуп колдонуучуга кандайдыр бир жооп чыгарып берет
Белгилеп кетчү нерсе, модель көрүнүштөн жана контроллерден көз каранды эмес, бул мүмкүнчүлүк менен бир модель бир нече көрүнүшкө колдонуусу мүмкүн.
Фрэймворк
Фреймворк ( англ. framework – калып, структура, иш чөйрө) – маалымат системаларында системанын структурасы; чоң бир проекти иштеп чыгууда колдонулуучу компоненттерди бириктирүүчү, иштеп чыгуу процессин жеңилдетүүчү програмдык жабдык. Функцианалдары бир-бирине окшош болгон подпрограммаларды камтуучу библиотекалардан айырмаланып, калыптар, ар түрдүү максатта колдонулуучу көптөгөн сандагы библиотекаларды өз ичине камтыйт. Фреймворк сөзүнүн ордуна калып (каркас) сөзүн да колдонушат, кээ бир авторлор, калып сөзүн негизги аталышы катары колдонушат.
Програмдык системанын фреймворку, чоң бир проектин компоненттерин бириктирет, иштеп чыгарууну жеңилдетүүчү жардамчы прогаммаларды, код библиотекаларын, тил сценарийлерин жана башка програмдык жабдыктарды камтыйт.
Фреймворктордун эң негизги артыкчылыктарынын бириси болуп, алардын стандарттуу структурага ээ болушу. Мисалга алсак, веб фреймворкторунун көпчүлүгү, тиркемени логикалык сегменттерге (модули, плагины) бөлүштүрүү үчүн MVC архитектурасын колдонушат.
Фреймворктор, конкреттүү жана абстрактуу класстардын көптүгүнөн жана алардын бир-бири менен болон мамилелеринин аныктамасы менен аныкталат. Конкреттүү класстар, кадыресе класстардын бир-бири менен болгон мамилесин аныкташат. Абстрактуу класстар, калыптардын колдонуучу жана көндүрүлүүчү (адаптирующий) башталгыч чекити катары колдонулат.
Symfony Framework
Symfony -PHP5 те жазылган ,Model-View-Controller калыбын колдонгон, көз каранды эмес каркас.
Symfony тез иштетип чыгууну жана веб-тиркемелерди башкарууну тартуулайт, веб-программисттин ишин жеңилдетет,каталардан сактайт,иштетип чыгууну стандартташтырат жана ылдамдатат.
PHP 5. программалоо тилинде веб тиркемелерин жана сервистерин курууга арналган ачык булактуу (open source) фреймворк. Symfony компонент структурасы уникалдуу, компоненттер бир-биринен минималдуу түрдө көз карандуу. Бул көз карандылык, программисттер үчүн ар бир компонентти өз-өзүнчө колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Көп учураларда бул мүмкүнчүлүктү ―use-at-will‖ (өзүң каалагандай иштет) деп атап коюшат.
PHP5 менен гана иштейт (5.2.4, 5.3.2 Symfony 2 үчүн). MySQL, PostgreSQL, SQLite жана башка PDO-дал келүүчү БББС лардын колдоосу менен иштейт. Проектте реляциондук берилиштер базасы тууралуу маалымат объекттик модельге байланыштуу болушу керек. Муну ORM- инструментинин жардамы менен жазаса болот. Symfony алардын ичинен экөөсүн : Propel жана Doctrine колдонот.
Төмөндө симфонинин жакшы жактары тизме катары көрсөтүлгөн:
MVC – Модель Көрүнүш Башкаруучу (Model View Controller)
DRY – Өзүңдү кайталаба (Don’t Repeat Yourself)
Debugger
Чоң колдонуучулар коому
Булактар
Инновация
Туруктуу
Symfony акысыз жана MIT нин лицензиясы менен жарыяланат.
Проекттин демөөрчүсү- Sensio Labs аттуу француз компаниясы.
2007 жылы- Symfony 1.0 версиясынын чыгышы
2011 жылы – Symfony 2.0 версиясынын чыгышы.
Symfony 2 Framework тун каталог структурасы :
app/
cache/
config/
logs/
Resources/
bin/
src/
Acme/
DemoBundle/
Controller/
Resources/
…
vendor/
symfony/
doctrine/
…
web/
app.php
…
2.9 Doctrine 2
Чоң дорлбоорлордо азыркы учурда берилиштер базасы менен түз байланышып маалымат алмашуу көп деле кездеше бербейт. Себеби мындай жол менен программа түзүү кыйын болушу ошондой эле машакаттуу болушу далилденген. Ушул проблеманы чечүү үчүн программисттер берилиштер базасы менен иштеген SQL тилинин үстүнөн абстракцияны түзүп чыгышкан. Доктрин дага ошондой абстракциялоочу катмарлардын бири болуп саналат.
Доктрин өзүнүн архитектурасын Java тили үчүн жасалган Hibernate SQL ден алган. Доктрин атайын PHP программалоо тили үчүн түзүлгөн. Мында кадимки таблицалардын саптарынын ордуна обьектке багытталган программалоодогу обьект түшүнүгү колдонулат. Таблицанын ар бир мамычасы обьектинин бир атрибуту болот. Ар бир сап өзүнчө обьект катары каралат.
Азыркы учурда обьектке багытталган прогрммалоо тили эң эле кеңири таралган. Программист үчүн берилиш менен башка логикалардын бир типте, обьект тибинде, болушу программа жазуу процессин аябай эле жеңилдетет.
Symfony фреймворгу үчүн доктрин унпуктоо боюнча берилиштер базасынын үстүнөн абсртакциялоочу болуп орнотулган. Демек бул дагы симфони фреймворгунун жакшы жактарынын бири.
Веб – сайтты ишке ашыруу