Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
Азамат_Курманбеков_Дипломдук_Иш.docx
Скачиваний:
0
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
4.49 Mб
Скачать
    1. Интернет аудитория

Негизги кардаарлардын көпчүлүгү – орто же жогору кирешеси болгон 25-40 жакштагы эркек кишилер.

Сатып алуучулардын бир нече тобу бар:

  • 1 топ – китеп заказ кылуучу кардаарлар, биринчиден өзүнүн кесиптик иш-аракетине керек боло турган китептерди заказ кылышат.

  • 2 топ – “кызыккандар”. Бул категорияга оюнчуктардын, китептердин, тасмалардын ж.б. коллекционерлери кирет. Бул кардаарлар өзүнүн кызыкчылыктарын канааттандырыш үчүн товарларды заказ кылышат.

  • 3 топ – түрдүү товарларды заказ кылуучу кардаарлар. Мисал катары: кийимдер, сувенирлер, электроникалар, турмуш-тиричилик техникалар, күндөлүк турмуштун буюмдары. Ушул кишилер кызыктуу жана оригиналдуу модельдерди жөнөкөй дүкөндөргө салыштырмалуу арзан баага сатып алабыз деп эсептешет.

  • 4 топ – “жаңылык сүйүүчүлөр”. Базарга чыга элек товарларгы ээ болуу калашат. Эреже катарында, алар колунда бар кишилер.

    1. Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү

Дүкөндү башкаруу каражаттары түрдүү маселелерди чечиши мүмкүн: жөнөкөй отчетторду түзүүдөн жана заказды көзөмөлдөөдөн баштап берилиштер базасын толук баалуу амал аткарууга чейин.

1.1-жадыбалы. Башкаруу интерфейсинин функионалдык мүмкүнчүлүктөрү

Функциялар

Түшүндүрмө

1

Функция

Товарлардын жана тейлөөлөрдүн сунушталган ассортиментин сөз жүзүндө же/жана көрсөтмөлүү баяндоо.

2

Товарларды башкаруу

Дүкөндүн товарлары менен амалдар Web – серверден түздөн түз ишке ашыралат. Товарлардын жазылышы Web – баракчаларда түзүлөт, жаңыланат жана өчүрүлөт.

3

Заказдарды көзөмөлдөө жана отчет түзүү

Отчеттор берилиштер базасынын(MicroSoft Access ж.б.) форматында же болбосо талааларды үтүр аркылуу бөлүү менен ASCII – файл түрүндө генерацияланат.

4

Бөлүмдөрдү башкаруу

Бөлүмдөр боюнча товарлардын классификациялоо башкаруу каражаттары.

5

Сатып алуучулардын маалыматын башкаруу

Сатып алуучуоардны профильдүү маалыматын сактоо жана автоматтык түрдө тануу.

6

Коопсуздук

Коопсуздуктун жогорку деңгээли текшерилген жана керектүү ыйгарым укугуна ээ болгон колдонуучуларга башкаруу функцияларга кирүү гарантиялайт.

7

Жарнама каражаттарын башкаруу

Маркетинг адистериин сунуштоосу боюнча жарнама кампанияларын, сатып түгөтүү, горизонталдуу жана вертикалдуу байланыштарын башкаруу.

    1. Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары.

1.1-сүрөт. Электрондук коммерциянын фазалары

Интернет дүкөндү түзүп баштоодон мурун электрондук коммерцияны жакшылап түшүнүү зарыл. 1.1-сүрөттө сатып алуу процессинин схемасы көрсөтүлгөн. Төрт бурчтук блоктор кардаардын аракетин көрсөтөт, сүйрүсү болсо кардаардын тиешеси жок аракеттер көрсөтүлгөн. Баардык фазалар зарыл болуп эсептелбөөсүн эске алуу керек.

Маркетинг жана керектөөчүгө багыттоодо жаңылык деле жок. Эң негизги максат веб-сайтка мүмкүн болгон сатып алуучуларды тартуу. Эгер колдонуучуга сайтка кирүүдө көргөн нерселери жакса, ал айрым товарлардын маалыматын камтыган баракчаларын карай баштайт. Негизи колдонуучу биринчиден бөлүмдү тандайн, анан кийин ошол бөлүмдөгү товарларды. Убакыт өткөн сайын сатып алуучу сатып түгөтүү, жарнама кампаниялар, өз ара байланышкан жана өркүндөтүлгөн товарлар жөнүндө маалымат бюнча кызыга башташы мүмкүн.

Кийинки этапта сатып алуучу “кутучага” товарларды тандап алат. Кутуча заказга тиешелүү тандалган товарлардын саны, баасы, атрибуттары(өң, өлчөм) ж.б. маалыматарды камтыган кадимки тизмеси катары көрсөтүлөт.

Кардаарга кутучадагы баардык маалыматты толук тазалоого, айрым позицияларды гана өчүрүүгө же заказ болгон товарлардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сатып алуучу тандалган товараларга ээ болууга даяр болсо, төлөм фазасына өтөт. “Кардаар/бизнес” моделинде сатып алуучу жеткирүүгө даректүү маалыматтарын киргизет. Андан тышкары ушу фазада, кээ бир учурда жардамчы тейлөөгө(кооздоп жасоо) кошумча талаптар киргизилет.

Жеткирүү жана төлөө маалыматына ээ болгон коммерциялык сайттын эки маанилүү эсептөөгө мүмкүнчүлүгү болот: салык жана жеткирүү баасы. Эгер сатып алуучу жакын жерде жашаса, салыктар жөнөкөй мамлекеттик салык алууга гана барат. Кээ бир учурда сатып алуучунун почта индексини негизинде жергиликтүү(аймактык же шаардык) салыктын колдоосун эске алуу зарыл. Жеткирүүнүн баасы белгиленген чоңдукта болушу мүмкүн же ар бир сатып алынган айрым товар боюнча аралык тактоону киргизүү менен эсептелинет. Эгер сөз эл аралык заказдарды колдоо жөнүндө болсо кырдаал татаалдашат.

Арадагы жыйынтыкты, салыкты жана жеткирүүгө чыгашаны эсептеп бүткөндөн кийин сатып алуучуга төлөө эсебин сунуштаса болот. Төлөө көбүнчө кредит картанын жардамы менен ишке ашырылат. Кырдаалга жараша дагы эки: төлөм алма жана коштомо варианттары жеткиликтүү.

Кредит карталарын колдонууда текшерүү/төлөө автономиялуу же болбосо кошулуу түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Онлайн түрүндө иштетилип чыгуу учурунда кредит картанын маалыматтары тармак боюнча корголгон түрүндө жиберилет жана кредит карта текшерүүнү өтүп же өтпөгөнүн көрсөткөн жооп кайтып келет.

Заказ жайгаштырылгандан кийин сатып алуучуга заказдын экран көчүрмө же тизме түрүндө электрондук почта аркылуу жиберилген отчет берилет, бирок башка варианттары дагы болушу мүмкүн. Ушу фазада кардаар соода алгоритминен чыгып сатуучуга “орун” берет.

Эгер кредит картанын маалыматтары автоматтык түрдө ишетилип чыкпаса, заказдын иштетилип чыгуусу финансылык транзакциядан башталат. Эреже боюнча, ушул фазада заказ почтадан же телефондон келген сыяктуу эле бизнес жүргүзүүн стандарттуу эрежелери иштейт. Интернет заказдын иштетилип чыгууну абалын кардаарга маалымдап турганы мүмкүндүк берет. Мисал катары, заказ толук иштетилип чыкканын, товарладын баары бар болуусун билдирүү мүмкүн. Ылайыктуу ыкмалар веб-түйүндө иштетилет.

Текшерилген заказ алынгандан кийин аны аткарыш керек. Ушу фаза көптөгөн кыйынчылыктарды алып келет.

Бир нече кампасы болгон чекене соодагерлердин борбордук сактагычтан тапшыруу көйгөлөрү чыгышы мүмкүн.

Эгер заказ атайын кызмат же уюм аркылуу аткарылса, кээде система менен интеграциялоо көйгөйүү келип чыгат. Бирок жадагалса уюм заказдарды өз алдынча ишке ашыра турган болсо, веб-сервер жана заказдарды аткаруу система арасындагы интеграциялоо көйгөйүү чыгып келиши мүмкүн.

Цикл товарды кардаарга жеткизүү менен бүтөт. Заказ иштетилип чыгуу фазасына окшоп, кардаар заказдын учурдагы абалын алышы мүмкүн. Алар транспорттук, почталык, коштомо кызматтардын номери.

Коммерциялык веб-сайттын иши колдонуучу менен өз ара аракеттешүү гана боюнча чектелбейт. Анысы менен бирге баардык дүкөн менен башкаруу өңүттөрүн эске алуу зарыл. Бакшаруу каражаттардын туура тандалышы, колдонуучунун интерфейсин түзүү каражаттарын тандагандай эле өтө маанилүү.