Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
Азамат_Курманбеков_Дипломдук_Иш.docx
Скачиваний:
4
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
4.49 Mб
Скачать
  1. Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу

    1. Интернет дүкөндүн жалпы схемасы

Интернет тармак аркылуу сатып алуучу браузердин жардамы менен интернет дүкөндүн веб-сайтына кирет. Сайт товарлардын каталогун (издөө мүмкүнчүлүгү менен) жана каттоо маалыматын киргизе турган керектүү интерфейстик элементтерди, заказ түзүүнү, интернет аркылуу төлөм ашырууну, жеткирүү түзүүнү, компания жөнүндө маалымат алууну көрсөткөн электрондук витринаны камтыйт.

Интернет дүкөн төмөнкү типтүү модельдин функционалдык бөлүктөрүнөн турат:

  • товарлардын каталогу

  • издөө системасы

  • кутуча

  • каттоо формасы

  • заказды жөнөтүү формасы

Товарлардын каталогу жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдөө товарлардын иретөөсүн ишке ашыра турган татаал жана көп деңгээлдүү берилиштер структурасындай көрсөтүлөт. Мындай каталогту жогорку деңгээли бөлүмдөрдүн тизмесинен турган дарак түрүндө көрсөтүү эң жөнөкөй. Бөлүмдөр бөлүмчөлөрдү же конкреттүү товарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Ушундай иреттөө ыңгайлуу жана бат издөөгө жана товарларды заказ кылууга эң зарыл.

Издөө системасы динамикалык каталогтун милдеттүү элементи болуп саналат жана сервер тараптан ишке ашырылат. Ал маалыматты бат издөөгө мүмкүнчүлүгүн берет. Каталог абдан көп бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн жана товарлардын көп тармактуу берилиштер структурасына ээ болгон учурда жана эгер колдонуучу кызыктырган товардын кайсы бөлүмдө жайгашканын же ал товар каталогто бар болуусун билищ үчүн издөө системасы эң керектүү аспап. Издөө система кээ бир учурда кызыктырган маалыматка жетүү үчүн каталогтун баракчалар арасындагы өтүү санын бир далай кыскартат.

Кутуча колдонуучу тараптан заказ кылынган товарларды сактоо кызматын кыла турган берилиштер массиви деп айтсак болот.

Каттоо формасы колдонуучулардын жеке маалыматтарын киргизүүгө колдонулат. Мындан ары ушул маалымат колдонуучуну интернет дүкөн менен иштөө сеанстардын арасында идентификациялаш үчүн колдонулат. Берилген маалымат сервер же клиент тарабынан сакталышы мүмкүн.

Заказ жөнөтүү формасы заказ берүүчүнүн катташуу маалыматын жана заказды уюмдун электрондук почтасына жөнөтүү үчүн колдонулат.

Колдонуучунун каттоосу заказ түзүүдө же болбосо интернет дүкөнгө кирүүдө ишке ашырылат. Товар тандалгандан кийин сатып алуучу тарабынан кайсы түрдө төлөм ишке ашыруу жана жекткирүү формасын толтуруу талап кылынат. Жеке маалыматты коргош үчүн өз ара аракеттешүү корголгон канал аркылуу жүзөгө ашырылышы зарыл. Заказдын калыптанышы жана каттоо аяктагандан кийин сатып алуучу жөнүндө чогулган баардык маалымат электрондук витринадан интернет дүкөндүн соода системасына өтөт. Соода системасында талап кылынган товардын складда бар болуусу текшерилет жана төлөм системасына суроо-талап демилгеленет. Эгер товар складда жок болсо камсыздоочуга суроо-талап жиберилет, сатып алуучуга болсо кечигүү билдирмеси жиберилет.

Эгерде төлөм товарды сатып алуучуга жеткирүү жолу менен ишке ашырылса, заказдын фактын далилдөө зарыл. Далилдөө көбүнчө электрондук почта же телефон аркылуу ишке ашырылат.

Эгерде интернет аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, төлөм системасы кошулат. Онлайн төлөм жүргүзүлгөндөн кийин соода системасы жеткирүү кызматына заказды түзөт.