
- •Аннотация
- •Мазмуну
- •Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу
- •Интернет дүкөндүн жалпы схемасы
- •Интернет аудитория
- •Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү
- •Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары.
- •Колдонуулучу технологиялар
- •Долбоорлоо методун аныктоо
- •Программалоо тилин тандоо
- •Модель – көрүнүш – башкаруу
- •Фрэймворк
- •Жалпы түзүлүш
- •Проекттин файлдык архитектурасы
- •Берилиштер базасы
- •Коддук реализация
- •3.4.1 Кутуча, BinController.Php
- •Интернет-дүкөндүн колдонуу көрсөтмөлөрү
- •Интернет дүкөндү башкаруу
- •Административдик панель
- •Колдонуучулар үчүн интернет-дүкөн
- •4.3.1 Каттоо процесси.
- •4.3.2 Каталог
- •4.3.3 Заказ кылуу процесси
- •4.3.4 Онлайн көрүү функционалы
- •Колдонулган булактар
- •Глоссарий
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ
ИНЖЕНЕРДИК ФАКУЛЬТЕТ
КОМПЬЮТЕРДИК
ИНЖЕНЕРИЯ БӨЛҮМҮ
( ) Студент дипломдук ишти жактоо сынагына кире алат.
( ) Студент дипломдук ишти жактоо сынагына кире албайт.
Бөлүм башчысы: ф-м.и.к., доц. Райымбек Султанов
Датасы Колу
....../......./....... ....................................
БАКАЛАВР ОКУУ ПРОГРАММАСЫНЫН ДИПЛОМДУК ИШИ
ТЕМАСЫ:
«Онлайн түрдө дисктерди сатуу жана фильмдерди көрүү веб-сайты.»
Студенттин:
Аты-жөнү: Азамат Курманбеков
Студениттик номери: 0904.01033
Жетекчиси:
Аты-жөнү: Чынара Жумабаева
Наамы: ага окутуучу, т.и.к.
Бишкек, 2014
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ
ИНЖЕНЕРДИК ФАКУЛЬТЕТ
КОМПЬЮТЕРДИК ИНЖЕНЕРИЯ БӨЛҮМҮ
( ) Студент дипломдук ишти жактоо сынагына кире алат.
( ) Студент дипломдук ишти жактоо сынагына кире албайт.
Бөлүм башчысы: ф-м.и.к., доц. Райымбек Султанов
Датасы Колу
....../......./....... ....................................
БАКАЛАВР ОКУУ ПРОГРАММАСЫНЫН ДИПЛОМДУК ИШИ
ТЕМАСЫ:
«Онлайн түрдө дисктерди сатуу жана фильмдерди көрүү веб-сайты.»
Студенттин:
Аты-жөнү: Азамат Курманбеков
Студениттик номери: 0904.01033
Жетекчиси:
Аты-жөнү: Чынара Жумабаева
Наамы: ага окутуучу, т.и.к.
Колу: ……………………………
Жактоо баасы Комиссиянын төрагасы:
...................(сан менен) э.и.к., доц. Бейшенбек Укуев
...................(жазуу жүзүндө) Колу..........................................
Бишкек, 2014
Аннотация
Ачкыч сөздөр: Административдик панель, онлайн каталог, заказ, дисктер, фильмдер, онлайн көрүү.
Дипломдук иш 61 барактан, 14 жадыбалдан, 19 сүрөттөн турат.
Изилденичүү объект: «Cinemax» атту команиянын веб-сайты.
Долбоордун негизги максаты: DVD дисктерди сайт аркылуу таркатуу жана “Cinemax” атту компаниянын имиджин жогорулатуу.
Долбоор төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө умтулат:
Дүң соода кылуучу заказчиктердин заказ кылууда кыйынчылыктарды жок кылуу
Базарга барып сатып алуу
Долбоор төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ:
Онлайн каталог жүргүзүү
Кооз дизайн
Жеңил интерфейс
Заказ кылуунун жөнөкөйлүгү
Каттоо
Фильмдерди онлайн көрүү
Долбоор сайт болгондуктан жана жогоруда айтылып кеткен баардык касиеттерин жогорку сапатта ишке ашырыш үчүн PHP – тилинде жазылды. Иштетилип чыгып жаткан учурда ар кандай технологиялар колдонулду. Алар жөнүндө маалымат дагы айтылат.
Özet
Anahtar kelimeler: İdari paneli, online katalog, sipariş, diskler, filmler, online izleme.
Bitirme tezi 61 sayfadan, 14 tablodan, 19 resimden oluşmaktadır
Amaç: DVD diskleri sitenin yardımıyla yayılması.
İkincil amaçlar:
Reklam
Yeni müşterileri çekme
Toptan müşterileri artırmak
Hizmetlerin kalitesin ve hızın geliştirme
Teklif edilen hizmet yelpazesinin artırılması
Hizmetçiler, stüdyonun işleri hakkı22nda bilgilerin sağlanması
Proje aşağıdaki sorunları çözüyor:
Toptan müşteriler sipariş yaparken zorlukları yok etme
Piyasaya gidip satın alma
Aşağıdaki avantajlara sahip:
Online katalog yönetimi
Güzel dizayn
Kolay arayüz
Sipariş yapma basitliliği
Kayıt yapma
Filmleri izleme
Proje site olduğu için ve yukarıda yazılan özellikleri gerçekleştirmek için PHP dilin kullandım. Gelişme sırasında farklı teknolojiler kullanıldı. Onlar hakkında bilgi verilecek.
Мазмуну
Y
Киришү 1
Иштин максаты жана актуалдуулугу 2
1. Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу 4
1.1 Интернет дүкөндүн жалпы схемасы 4
1.2 Интернет аудитория 6
1.3 Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү 6
1.4 Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары. 7
2. Колдонуулучу технологиялар 11
2.1 Долбоорлоо методун аныктоо 11
2.2 Программалоо тилин тандоо 11
2.3 PHP 12
2.4 Web-тиркемелер үчүн берилиштер базасы жана БББС 16
2.5 MySQL 18
2.6 Модель – көрүнүш – башкаруу 19
2.7 Фрэймворк 19
2.8 Symfony Framework 20
2.9 Doctrine 2 22
3. Веб – сайтты ишке ашыруу 23
3.1 Жалпы түзүлүш 23
24
3.2 Проекттин файлдык архитектурасы 24
3.3 Берилиштер базасы 27
3.4 Коддук реализация 36
3.4.1 Кутуча, BinController.php 36
3.4.2 SearchController.php 45
4. Интернет-дүкөндүн колдонуу көрсөтмөлөрү 47
4.1 Интернет дүкөндү башкаруу 47
4.2 Административдик панель 48
4.3 Колдонуучулар үчүн интернет-дүкөн 52
4.3.1 Каттоо процесси. 53
4.3.2 Каталог 55
4.3.3 Заказ кылуу процесси 55
4.3.4 Онлайн көрүү функционалы 57
Корутунду 58
Колдонулган булактар 59
Глоссарий 61
Сүрөттөр тизмеси
1.1-сүрөт. Электрондук коммерциянын фазалары 7
2.1-сүрөт. MVC 19
3.1-сүрөт. MVCде түзүлгөн тиркеменин иштөө принциби 24
3.2-сүрөт. Файлдар архитектурасы 25
3.3-сүрөт. src/ - бандлдар директориясы 26
3.4-сүрөт. Берилиштер базасы. Негизги маңыз 28
3.5-сүрөт. Онлайн көрүү функционалынын жадыбалдары 35
4.1-сүрөт. Административдик панельге кирүү формасы 50
4.2-сүрөт. Админ панель 51
4.3-сүрөт. Диск кошуу формасы 52
4.4-сүрөт. Дисктердин тизмеси 53
4.5-сүрөт. Фильтрлөө формасы 53
4.6-сүрөт. Колдонуучуну каттоо формасы 54
4.7-сүрөт. Колдонуучун авторизация формасы 55
4.8-сүрөт. Дисктердин каталогу 56
4.9-сүрөт. Диск кошулганын билдирген Popup 57
4.10-сүрөт. Интернет дүкөндүн кутучасы 57
4.11-сүрөт. Төлөм формасы 58
4.12-сүрөт. Фильмдердин каталогу 59
Жадыбалдар тизмеси
1.1-жадыбалы. Башкаруу интерфейсинин функионалдык мүмкүнчүлүктөрү 6
3.1-жадыбалы. discs жадыбалы 29
3.2-жадыбалы. disc_info жадыбалы 30
3.3-жадыбалы. producers жадыбалы 30
3.4-жадыбалы. types жадыбалы 30
3.5-жадыбалы. formats жадыбалы 31
3.6-жадыбалы. сountries жадыбалы 31
3.7-жадыбалы. janrs жадыбалы 32
3.8-жадыбалы. bin_orders жадыбалы 32
3.9-жадыбалы. bin_clients жадыбалы 33
3.10-жадыбалы. gallery жадыбалы 33
3.11-жадыбалы. users жадыбалы 34
3.12-жадыбалы. movies жадыбалы 36
3.13-жадыбалы. comments жадыбалы 36
Киришү
Азыркы жашоону интернетсиз элестетүү абдан кыйын, жадагалса мүмкүн эмес. “Эмне себептен?” - деп сурашыңыздар мүмкүн. Себеби, азыркы учурда интернет акырындык менен заманбап адамдын көптөгөн жашоо чөйрөсүн каптап жатууда. Мисал катары: маалымат алуу жана көңүл ачуу аймактарында интернет абдан ыңгайлуу аспап болуп эсептелет. Анткени, анын жардамы менен көптөгөн түрдүү маселелерди чечүүгө болот. Интернет бизге бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө, билим алууга, акча табууга же жөн эле эс алууга баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Интернет барына кызыктуу. Жадагалса, кичинекей бала же болбосо жашка чыккан киши өзүнө кызыктуу нерсени таап алат. Интернеттен каалаган маалыматты табууга мүмкүн. Дүйнөнүн бүткүл жеринде интернет жеткиликтүү. Жыйнтыктасак, интернет – биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Интернет – биздин эң жакшы жардамчыбыз. Эми түшүндүңүздөр окшойт, эмне себептен жашоону интернетсиз элестетүү кыйын.
Маалыматты сактоо жана аны таратуу интернеттин негизги багыштоосу. Интернет дүкөндөр ар кайсы товарлар жөнүндө маалымат сактайт жана аны таратат. Дипломдук ишим интернет дүкөн. Ошондуктан, интернет дүкөндөр жөнүндө маалымат айтып кетейин. Интернет дүкөн – бул интернет тармак аркылуу товарларды сактоо жана сатуу үчүн колдонулган сайт. Колдонуучулар кызыктырган товарын заказ кылып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер компания көптөгөн товар сунуштаса, ушул маалыматты көрсөтүү ыкмасы абдан ыңгайлуу. Товарлар интернет дүкөндө каталог түрүндө көрсөтүлгөн, бөлүмдөргө бөлүштүрүлгөн жана сүрөт, товарлардын баяндоосу, баасы ж.б. параметрлер эгер зарыл болуп калса. Интернет дүкөндөр товарларды ыңгайлуу издөө функциясына ээ болушат. Колдонуучу товарды карап чыгып жаткан учурда, жаккан товарын кутучуга салып коюу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Ал товарлардын санын азайтып жана кереги жок товарларды өчүрүп салышы дагы мүмкүн. Анан кийин колдонуучу заказ кылып, товарды кайсы маалда жеткирүүсүн чечип, аягында товардын өзүн алат. Ушундай жөнөкөй этаптар менен интернет дүкөндөрдүн иштөө принцибин көрсөк болот.
Албетте, интернет дүкөндү жөн эле эч ким жазай бербейт. Интернет дүкөн баардык компанияга сунуштай турган корпоративдик сайт эмес. Интернет дүкөн стандарттык товарлардын ээсине пайдалуу. Мисалы: телефондорду же болбосо унаа тетиктерди кийимдерге караганда виртуалдуу текчеде сатуу жөнөкөйрөөк, себеби ченөөнүн кажети жок. Интернет дүкөндүн ээлеринин экинчи группасы – ар түрдүү соода ишин жүргүзгөн компаниялар. Дипломдук ишим DVD дисктерди таркаткан компаниянын сайты. Демек, бул долбоордун жардамы менен компания өзүнүн түрдүү иш-аракеттерин жүргүзө алат. Долбоор, компаниянын товарларынын бат өтүшүнө, имиджине б.а. компаниянын өнүгүшүнө түрткү болуп берет. Андан тышкары сайт кошумча киреше алып келиши мүмкүн.
Иштин максаты жана актуалдуулугу
Иштин максаты: DVD дисктерди интернет аркылуу жаюу. “Cinemax” аттуу компаниянын сайтын иштеп чыгуу.
Долбоордун ишке ашуусу компанияга тиешелүү төмөнкү максаттарга жеткирет:
Реклама – сайт компаниянын имиджи. Сайт аркылуу компания элге таанымал болуу ыктымалдуулугу көп.
Дисктердин базасын түзүү – компания үчүн электрондук каталог жүргүзүү көптөгөн жеңилдик алып келет.
Жаңы кардаарларды ишке тартуу
Дүң соода кылуучу заказчиктердин санын көбөйтүү
Сунушталган кызматтардын чөйрөсүн кеңейтүү
Кызматчылар, студиянын иштери жөнүндө мааалыматты сунуштоо
Долбоор сайт болгондуктан интернет жок иштебейт.
Иштин актуалдуулугу:
Азыркы учурда Кыргызстанда дисктерди интернеттен заказ кылып алуучу сайт жок. Башка өлкөлөрдө айтылып жаткан сайттын түрлөрү көп. Алар функционалынын түрдүүлүгү менен айырмаланат. Бирок мен байкагандай, баардык сайттын дизайны колдонуучуну ыраазы калтырбайт. Колдонуучу интернетке байлануу болсо, үйдө эле отуруп, дисктерди тандап алып заказ кылууга жана фильмдерди көрүүгө, көчүрүп алууга баардык шарттар түзүлөт. Баардык функцияларды аткарууга жеңил, ыңгайлуу жана жагымдуу интерфейс сунушталат.